"Келечек" базары: Мэр соодагерлер менен жолугушту
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Оштогу "Келечек" базарынын көчүрүүгө каршы болуп жаткан соодагерлер менен мэр Жеңишбек Токторбаев жолукту. Ал базардын айынан тыгын жаралып жатканын айтып, соода жайы 31-июлдан тарта көчүрүлөрүн билдирди. Андагы 400 соодагерге жаңы муниципалдык базардан бекер жай берип жатканын кошумчалады.