Сот Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыратты

Айзирек Эралиева 38 жашта болчу.

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын өлтүрүлүшүнө байланыштуу ишти эки күн эле карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, маркумдун күйөөсү 18 жылга эркинен ажыратылды.

Бул окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү", куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Эралиеванын жакындары күйөөсүнүн өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылып жаткан.

Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек аттуу келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган.

Ички иштер министрлиги кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин бышыктап, буга байланыштуу айрым кызматкерлер жазаланганын билдирген.

Маркум келиндин артында беш баласы калды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров бул окуядан улам аялдарга жасалган зордук-зомбулукту айыптап атайын билдирүү жасаган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.

Дагы караңыз

Орусиянын Киевге жасаган чабуулунан набыт болгондор 13кө жеттиТаласта катуу мөндүрдөн 100дөн ашык дыйкан чыгаша болду, зыян 55 миллион сом деп эсептелди Ош мэриясы "Келечек" базарындагы 150дөн ашык соодагер жаңы орун алганын билдирди Канада Палестин мамлекетин тааный турганын сентябрда БУУнун жыйынында жарыялайт Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет