Кыргыз тарыхын, маданий мурасын изилдеген окумуштуу Владимир Плоских дүйнө салды

Владимир Плоских

Улуттук илимдер академиясынын академиги, белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Владимир Плоских 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу 31-июлда Кыргыз-Орус Славян университетинен кабарлашты.

Илимий эмгектери кыргыз элинин тарыхын, мамлекеттүүлүгүн жана аймактын маданий мурастарын изилдөөдө фундаменталдуу роль ойногон окумуштуу Борбор Азиянын археологиясы, этнографиясы жана булак таануу жаатында таанылган адис болгон.

Владимир Плоских дүйнөгө белгилүү окумуштуу гана эмес, таланттуу педагог катары таанылып, студенттердин, аспиранттардын бир нече муунунун акылман насаатчысы боло алганын, жогорку кесипкөйлүгү, эрудициясы, илимге берилгендиги жана өз ишин чындап сүйгөндүгү менен айырмаланганын замандаштары белгилөөдө.

Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана изилдөөгө арнап, археологиялык экспедицияларга катышып, жүздөгөн илимий эмгектерди, монографияларды, окуу-методикалык колдонмолорду даярдаган.

Дагы караңыз

"Хочу жить": Жыл башынан бери 902 өзбекстандык Украинага согушка кеткен Сот Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыратты "Таксиде иштебесин!" Орусияда мигранттар кабылган чектөө Айзиректин өлүмүнө күнөөлүү күйөөсү 18 жылга кесилди