Киевде Орусиянын соккусунан мерт болгон адамдардын саны 26га жетти

Орус армиясынын 31-июлга караган түнү Киев шаарына жасаган чабуулунда набыт болгон адамдардын саны 26 болду. Бул тууралуу шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко билдирди.

Куткаруу кызматтары бейшемби күнү кечинде жана таңга маал көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан дагы он адамдын, анын ичинде эки жашар баланын сөөгүн алып чыгышканын маалымдады.

Чабуулда 160тай адам жараат алды. Издөө, куткаруу иштери уланып жатат.

Киевде 1-августта аза күтүү күнү жарыяланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский ракетадан жасалган чабуулдан көп кабаттуу үйдүн подъезди кыйраганы тартылган видеону жарыялап, анын алдына "Киев. Ракеталык чабуул. Так эле үйгө жасалды. Урандылардын алдында адамдар бар. Бардык кызматтар иштеп жатат. Орустар террорчулар", - деп жазган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембиге оогон түнү ракеталар жана дрондордун топтому менен Украинанын аскердик аэродромунун инфраструктурасына, аскердик кампага чабуул жасалганын билдирген. Бирок Киев шаарында турак жайлар бутага алынганы, жайкын тургундар набыт болгону тууралуу билдирүүлөргө комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары көмүр кенин басып алууга шек саналып камалды Араб мамлекеттер лигасы Газага эл аралык күчтөрдү жайгаштырууну сунуштады Сот Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө шектүү күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыратты Таласта катуу мөндүрдөн 100дөн ашык дыйкан чыгаша болду, зыян 55 миллион сом деп эсептелди Ош мэриясы "Келечек" базарындагы 150дөн ашык соодагер жаңы орун алганын билдирди Канада Палестин мамлекетин тааный турганын сентябрда БУУнун жыйынында жарыялайт Өкмөт эттин баасына көзөмөл киргизет