Орусия өспүрүмдөр арасында лидерлер менен "анти-лидерлерди" аныктайт

Ставрополдогу кадеттер мектеби, 25-май, 2025-жыл

Орус бийлиги лидерлерди, анти-лидерлерди аныктап табуу жана патриоттук сезимди арттыруу үчүн 10 миңдей өспүрүмдүн когнитивдик жөндөмүн текшерет. Долбоор «ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоону» көздөгөн «Биз бирге» аттуу федералдык программанын алкагында ишке ашырылмакчы.

Адамдын мээсин, менталдык сапаттарын текшерүү же нейропрофайлингден өткөрүү Жорж Оруэлдин антиутопиясын эске салганы менен кеп президент Владимир Путин өз өлкөсүн Украинага каршы согушка кириптер кылып, патриотторду тарбиялоого, башкача ой жүгүрткөндөрдү басууга аракеттенген 2025-жылдагы Орусия тууралуу жүрүүдө.

Жаштар боюнча федералдык агенттиктин курамына кирген Орусиянын патриоттук борбору (Роспатриотцентр) каржылаган долбоор «ар тараптан өнүккөн инсандарды тарбиялоону» көздөйт. Бул тууралуу “Система” иликтеп чыккан мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы документтерде айтылат.

Көз карандысыз педагогдор бул программаны сындап, бирөө нейропрофайлингди “манипуляция үчүн колдонулган”, коммунизмдин жана фашизмдин белгилери байкалган “псевдо-илим” деп атады.

“Бул – бийликтин адамдарды көзөмөлдөө жана алардын чечимдерине таасир этүү аракети” , - деп эсептейт педагог Дима Зицер.

Дагы караңыз YouTube'дун ордуна Рунет: Кремль максатына жетеби?

Тестирлөөдөн Орусиянын бир нече регионунан чыккан 12-18 жаштагы өспүрүмдөр өткөрүлөт. Программа августка чейин уланып, “позитивдүү профили аныкталган” 50 катышуучу оккупацияланган Крымдагы семинарга жөнөтүлмөкчү.

Уюштуруучулар “лидерлерди жана антилидерлерди, башкача айтканда кыйратуучу жүрүм-турумга ыктаган адамдарды” табууга умтулат. Ошондой деструктивдүүлүккө жакын болгондор жана “патриоттуулуктун идеяларына көлөкө түшүргөндөр” иш-чарага катыштырылбайт, - деп айтылат сайтта.

Өткөн аптада Сибирдин бийлиги Жаштар сарайы аттуу 65 миллион доллардык борбор куруу планын сунуш кылды. Ал жерде балдар жана өспүрүмдөрдү патриот болууга үйрөтүп, мамлекеттик баалуулуктарды алдыга жылдырышат.

Долбоордун өнөктөшү, адам баласынын когнитивдик жөндөмүн аныктаган нейротесттерди саткан “Персона” компаниясынын башчысы Владимир Козлов жана Роспатриотцентр “Системанын” суроолоруна жооп берген жок.

Изилдөөгө катышкан уюмдар тестирлөөнүн ыкмалары тууралуу чакан гана маалымат менен бөлүштү.

“Патриоттуулук өлкөнүн келечегиндеги өз ролун түшүнүүдөн башталат деп ойлойм. Нейропрофайлинг үчүн технологиябыз өспүрүмдөргө ошол ролун так, аң-сезиминен өткөрүү менен табууга жардамдашат”, - деп билдирди Козлов Телеграм-каналдагы комментарийде.

Коопсуздуктан улам атын атагысы келбеген москвалык балдар психологу айтып бергендей, “нейропрофалингдин сурамжылоо, тест өңдүү жүздөгөн ишенимдүү ыкмасы бар”:

“Ошол тесттер адам тууралуу көп маалымат бере алат. Мисалы, лидерлик сапаты барбы, канчалык тил алчаак, чын дилинен сүйлөп атабы же башкалар угууну каалаган нерселерди айтып атабы? Маселе ошол анализ кандайча жана эмне максатта колдонуларына барып такалат”.

Зицер бул ойго кошулбайт. Анын пикиринде, “нейропрофайлинг – илим эмес”. Ал ыктымал лидерлерди аныктоо же өспүрүмдөргө кесип тандоо жана жашоодо багыт берүү аракетин “манипуляция” деп атады.

“Түрдүү таланттарга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк ачуу - билим берүү системасынын милдети. Бирок кайсы жолго түшүүнү адам өзү тандайт. Бул сынчыл ой жүгүртүүнүн пайдубалы”, - деп айтат педагог.

Дагы караңыз “Айбан фермадагы” абал жана Оруэлл

Путиндин тушунда Кремль ошондой ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар эместигин көрсөттү. 2012-жылы президенттикке кайтып келгенден бери Путин сын көз караштарды, көз карандысыз добуштарды басууга киришип, Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери репрессия күчөдү.

Бийлик балдарга патриоттуулук сезимин таңуулоо аракетин Путиндин биринчи президенттик мөөнөтүнөн бери көрүп келатат.

Өкмөттү сындагандар белгилегендей, бул үчүн тарых китептеринен согушту даңазалаган сабактарга чейинки түрдүү курал колдонулганын айтышат.

Жаштардын Кремлдин риторикасына сугарылып, Украинадагы соушту колдоосу үчүн бар аракет жумшалууда.

Дагы караңыз Орусия жаңы түйүн аркылуу согушка ыктыярчыларды жалдап жатат