Орусия Украинадагы согушта 121 507 кишисин жоготту

Орус армиясын колдогон жүрүш, 23-август, 2022-жыл

2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери Москванын тастыкталган жоготуулары 121 507 адамга жетти. Согушта набыт болгондордун аты-жөндөрү "Медиазона", Би-би-си радиосунун орус кызматы жана ыктыярчылар тарабынан ачык булактарга таянып такталган.

"Медиазонанын" эсептөөлөрүнө ылайык, өлгөндөрдүн саны болжол менен 165 000 адам болушу мүмкүн.

Ачык булактарда бардык каза болгондор тууралуу маалымат камтылбайт, ал эми жаңы түшкөн маалыматтарды ыктыярчылар жана журналисттер толук тактай элек болушу мүмкүн. Бул орус армиясынын согуштагы чыныгы жоготуулары мындан алда канча көп болушу ыктымал экенин билдирет.

Москва менен Киев майданда набыт болгон аскерлеринин санын ачык жарыялабайт. Ушуга окшош украин долбоору украин армиясынын жоготууларын 145 800 киши деп эсептейт.

Дагы караңыз

"Эң кичинеси эки жашта болчу". Киев аза күтүүдө"Таксиде иштебесин!" Орусияда мигранттар кабылган чектөө Мамлекеттик монополия: "ЭлКат" интернет-трафикти жалгыз тейлейт