АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин билдирүүсүнөн улам "тийиштүү аймактарга" суу астында сүзүүчү атомдук кайыктардан экөөнү жайгаштыруу буйругун берип, "ар бир сөздүн маңызы өтө маанилүү" экенин белгиледи жана көпчүлүк учурда сөз "күтүлбөгөн кесепеттерге алып келерин" кошумчалады.
1-августта Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Медведев "өтө чагымчыл билдирүү жасаганын", анын "ээн ооз жана тукурган сөздөрү", балким, негиздүү болуп калса деген кооптонуу менен суу алдында жүрүүчү атомдук эки кайыкты жайгаштыруу буйругун бергенин жазды.
"Свобода" радиосу жазгандай, кемелер "Орусия менен согуш ыктымалдыгына байланыштуу ракета учурула турган зонага" жөнөтүлүшү мүмкүн.
Өз билдирүүсүндө Трамп жагдай күтүлбөгөн кесепеттерге чейин барбайт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.
28-июлда Медведев Х социалдык түйүнү аркылуу Трампка кайрылып, анын Орусияга коюп жаткан шарттары "согушка карай жасалган кадам" болуп калышы мүмкүн экенин жазган жана мурдагы президент Жо Байдендин жолуна түшпөөгө чакырган. Москва, белгилүү болгондой, Байденди АКШнын Орусия менен мамилеси начарлап кетишине айыптап келет.
31-июлда Трамп Орусиянын жана орус мунайынын ири импортеру Индиянын экономикасын "өлүк" деп мүнөздөп, Медведевди "Орусиянын жолу болбогон мурдагы президенти, өзүн дагы эле президентмин деп ойлоп жүрөт" деп атаган жана ал "өтө кооптуу чектен өтө баштаганын" эскерткен.
Медведев ошол эле күнү өзүнүн Telegram каналына Орусия туура жолдо баратканын жана ошол багытын уланта берерин жазган.
Медведев буга чейинки билдирүүлөрүнүн биринде Иранга ядролук курал берүүгө даяр өлкөлөр бар экенин да айткан.
Трамп америкалык суу алдындагы атомдук кемелерди мактап, аларды "эң мыкты жана кубаттуу", сапаты жагынан "башкалардан 20 жыл алдыдагы" кыйратуучу курал деп атаган.
Медведев Иранга ядролук курал берчүлөр бар экенин айтканда сөз Орусия тууралуу болбогонун билдирген.
Трамп кызматка киришкенден тартып Орусия Украинага каршы ачкан согушту токтотуу аракетин көрүүдө, андан азырынча майнап чыга элек. 29-июлда ал Орусияга согушту токтотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого 10 күндүк мөөнөт берген. (RK)