Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:45

АКШ Казакстандан ташылган товарга 25% бажы төлөмүн киргизди


АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө, 31-июль, 2025-жыл
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө, 31-июль, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп ондогон өлкөгө, анын ичинде Казакстанга жаңы бажы төлөмдөрүнкиргизди. CNN жарыялаган тизмеге ылайык, 7-августтан тарта Казакстандан АКШга импорттолгон товарлардан 25% бажы төлөмү алынат.

Жаңы чаралар 69 өлкөнү, ошондой эле Евробиримдикти камтыйт. АКШ менен оң соода балансы бар өлкөлөр үчүн негизги бажы төлөмү 10% бойдон калат. Ал эми АКШ менен соода таңкыстыгы бар мамлекеттер үчүн минималдуу тариф 15% болот. Казакстан бир катар башка өлкөлөр менен 25% бажы төлөмү алынчу категорияга кирди.

Коңшу өлкөнүн соода министрлигинин маалыматына ылайык, 25% тариф Казакстандан АКШга экспорттолгон товарлардын 95% тиешеси жок.

Министрлик билдиргендей, экспорттолгон товарлардын негизги бөлүгү кошумча тарифсиз ташылат. Жаңы салык эрежеси мунай, уран, күмүш, темирдин эритмелери, тантал, титан сыяктуу негизги чийки заттарга тиешелүү эмес.

Мындан тышкары АКШ транзиттик “айланма” экспортко каршы 40% айып пул киргизди. Бул товар арзан тарифи бар үчүнчү өлкө аркылуу АКШга импорттолгондо колдонулган система.

Кытай бул тизмеде жок, Бээжин менен өзүнчө сүйлөшүүлөр уланып жатканы маалым.

Буга чейин Вашингтон соода чараларын күчөтүү ниетин билдирген, бирок анын мөөнөтү августка калган. Бул маалда айрым өлкөлөр тарифтерди төмөндөтүүгө жетишти. Маселен, Евробиримдик бажы төлөмүн 30%дан 15% чейин төмөндөтүү боюнча макулдашууга жетишсе, Вьетнам 46%дан 20% түшүрдү.

Азырынча Астана жаңы тарифтердин кесепеттери боюнча комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG