Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:44

"Чыгармачылык аял-эркек деп бөлбөйт". Манастын айкелинен чыккан талкуу


Тамила Маматова жасаган эстелик.
Тамила Маматова жасаган эстелик.

Жакында Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги алмаштырылды. Жаңы эстеликти жаш скульптор Тамила Маматова жасаган. Аянтка орнотулгандан тартып эле коомчулукта, социалдык тармактарда ал тууралуу кызуу талкуу күч алды.

Айтылган пикирлердин арасында «мурунку эле эстелик жакшы болчу», «аял киши Манастын эстелигин жасабашы керек», «Элистадагы калмак баатырынын эстелигине окшоп калыптыр», «сакалы жок экен», «Филармониядагы эстеликтен үлгү алыш керек болчу», «Оштун кире беришиндеги эстеликке жетпейт», «Манаска окшобой калыптыр», «атайын адистиги бар кишиге жасатыш керек эле» деген дооматтар көп учурайт.

Скульптор болбосом да, бул эстеликтердин тегерегиндеги окуялардын чоо-жайын көбүрөөк билген киши катары өз оюмду айтууга менин да акым башкалардан кем эмес деп эсептейм. Анткени 2010-жылдагы окуялардан кийин ошол кезде Ала-Тоо аянтында турган «Эркиндик» аттуу статуяны алмаштыруу боюнча кыймылды башкалар эмес, дал биз баштаганбыз. Арабызда «Ак шумкар кут» жаштар уюмунун мүчөлөрү, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү, активисттер болгон.

«Жумуртка баскан аял кишинин түндүк көтөргөну улуттук менталитетке туура келбейт» деп митингге чыксак, өзүбүздүн эле кесиптеш инилерибиз «Группа вандалов попыталась снести памятник Свободы на центральной площади» деп жазганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Андан кийин буга чейинки Манастын эстелиги орнотулду. Көп өтпөй Ошко бараткан жолдо Манас атабыздын комплекстүү эстелиги коюлду. Ал кездеги Оштун мэри Мелис Мырзакматов менен сүйлөшкөнүмдө, Бишкектеги статуя тууралуу «биздин комиссиянын тандоо турунан да өтпөй калган статуяны коюп алыпсыңар» деп сындаганы эсимде. Айткан сыны толугу менен туура болчу. Анткени жоктон көрө жогору деген принципке салып орнотулганы менен, ал кездеги Бишкектеги эстеликтин кемчиликтери көп эле.

Бишкек. Манастын мурдагы эстелиги
Бишкек. Манастын мурдагы эстелиги

Эң негизги кемчилиги – логикага туура келбегендиги болгон. Эстеликте баатыр кылычка окшогон куралын сол колуна кармап турат. Кылычка окшогон дегеним – эпсиз узун. Аягындагы созулуп кеткен ийрейген учунун курал катары функционалдык мааниси жок. Андай кылычты сууруп чыгыш үчүн эстеликте чагылдырылган баатырдын колунун узундугу жетпейт. Кылычты кыны менен кошо кармаганы же анын өзүн кармаганы белгисиз. Өзүн кармаган болсо - биринчи иретте аны кармап турган кишинин колу кесилет. Кыны менен кошо кармаган болсо - сабы менен кыны бириккен жери көрүнүп турушу керек эле, ал көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда калканы өтө эле кичинекей, анысы аз келгенсип сол каруусуна өтө эле өйдө илинген. Андай «жабыштырма» калканды нары-бери жылдырыш кыйын, демек коргонуу каражаты катары пайдасы жок. Ал эми курал кармай турган оң колу таптакыр бош турат.

Экинчи чоң кемчилиги – эстеликте тиешелүү динамика, кыймыл болгон эмес. Каармандын аты алдыга умтулбай эле, оң жагындагы бир нерсени карап үркүп кетчүдөй болуп кетенчиктеп турган жайы бар. Ишенбесеңер Интернеттеги сүрөттөрдөн карагыла.

Үчүнчү кемчилиги – ал кездеги эстеликте чагылдырылган Манаста азыркы соцтармактын колдонуучулары талап кылган тиешелүү күчтүн образы жок, аты да, өзү да арык, Манас эмес эле «мен жер алдында жүргөнүм жети жылга толду эле, жер үстүнө чыкканым жети күндөй болду эле, азыр этим калган көк жашык, каным калган бир кашык» деп чаалыгып-чарчап турган Эр Төштүктү көбүрөөк элестетчү.

Ошондуктан ал эстеликке анчалык ичибиз чыкпаса да, кыргыздын оюуларын тескери караткан, жылаңач аялга түндүк көтөрткөн мурдагы статуядан өлсө өлүгү артык деп ичибизден тынып унчукпай келгенибиз да чын.

Азыркы орнотулган эстеликтин өзүн да, коюлган дооматтарды да шашпай карап чыктым. Башынан эле айта турган болсом, мен азыркы бийликтин тарапташы эмесмин, бирок жеке пикиримде эстеликти жасай турган скульптор эң туура тандалган деп эсептейм.

Анткени Тамила Маматова – мен билгенден өтө таланттуу, чыгармачылыкта өз жолу, көз карашы бар, камчы салдырбай келаткан мыкты скульпторлордун бири. Буга чейинки жасаган эмгектеринин ичинен мен Таттыбүбүнү мынчалык ажарлуу, Айтматовду мынчалык бараандуу, Барпы акынды мынчалык реалисттик нукта жасаган сүрөткерди көрө элекмин. Ар бир чыгармасында кейипкердин мүнөзү тирилип, ачылып, болуп-толуп кайнап турат.

«Атайын билими, даярдыгы бар кишилерге жасатыш керек эле, бул ким экен?» деп оозун чойгондорго айтаарым – Тамила Бишкектеги Сүрөт академиясын аяктап, Орусиядагы айтылуу И. Е. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун бүтүргөн.

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон. Скульпторлордун дүйнөлүк ISSA академиясынын мүчөсү, Казакстандын II даражадагы «Достук» орденинин ээси. 28 эмгеги дүйнөнүн ар кайсы шаарларына коюлуптур. Аны мен деле билген эмесмин, карасам ачык булактарда турат. Башкача айтканда бул эстеликке Тамила түндүктөн түшкөн жок, чыгармачылык тажрыйба, жетиштүү багаж менен келди.

Маматова жараткан азыркы чыгармада мурунку эстеликтин кемчиликтери толугу менен жоюлган. Баатырдын өзү да, аты да алдыга умтулуп, учуп бараткандай элес калтырат. Алдынан карасаң кебетеси сүрдүү. Кең көкүрөк, жайык төш, тула бою күчкө ширелип, оң колуна найзасын алып, капталында Ак Шумкар сабалап учуп баратат. Сол капталында кынына салынган кылычы бар. Бетин атайын карадым. Ачыгын айтайын, Сооронбай Жээнбековго да, Садыр Жапаровго да окшоштура албай койдум. Элистадагы эстелик менен да окшошкон жок. Нагыз кыргыздын жүзү, тээ бир кезде Евразияны титиреткен көчмөн дүйнө өкүлдөрүнүн жыйынды образы. Элден чыккан, ошол эле учурда мойнуна калктын жүгүн артып эл башкарган эрендердин элеси.

Тамила Маматова
Тамила Маматова

Манас атабыздын сырт көрүнүшү кандай болгонун ушу тапта эч ким билбейт. Азыркылардын эч кимиси өз көзү менен көргөн эмес. Манасчылардын гана айрымдары түшүнөн көргөнүн кеп кылышат, анда да ар кимге ар кандай көрүнөт. Андыктан «Манастын өзүнө окшобой калыптыр», «анын сакалы бар болчу, сакалы жок экен» деп жанында жүргөндөй, узун-кыскасын өлчөп көргөндөй күйүп-бышкандардын жүйөсүнө күлкүм келди. Эпостун өзүндө «майлаган буудай жүздөнүп, күүгүм туман көздөнүп», «жалаяк ооз жар кабак, жаалына карап бак» деп көп айтылат. Эстеликтен мен ошондой сыпатты көрдүм. Демек, биринчи иретте мүнөзүнө, сүрүнө көңүл бурулган. Саякбай Каралаевдин вариантында:

«Маңдайы жазы, башы кууш,

Бар боюнда турат тууш.

Кочкор тумшук, кош кирпик,

Көркү калча, көзү тик.

Жалаяк ооз, жар кабак,

Жаагы жазы, ээги узун.

Ээрди калың, көзү үңкүр,

Эр мүнөзү көрүнөт.

Алакан жазык, колу ачык,

Аттанып чыкса жолу ачык,

Алп мүнөзү көрүнөт.

Кең көкүрөк жайык төш,

Аркасы кең, бели түз.

Айбаты катуу, заар жүз,

Бил мүчөсү көрүнөт.

Жолборс моюн, жоон билек,

Жооруну калың, таш жүрөк.

Жылма кабак, жылдыз көз,

Бөрү кулак, жолборс төш –

Бөлөкчө түрү бар экен» - деген жери бар. Көрүнүп тургандай, сакалы тууралуу бир ооз кеп жок. Анын үстүнө 12 жашында жоого тийип, 14үндө кан шайланып, алтымышка жетпей курман болгон кишинин кайсы жаш курагы тууралуу кеп кылалы?

Бир топтору бул комплексти Оштогу эстелик менен салыштырып карап жатат. Ооба, Оштогу эстелик мыкты. Бирок ал жайык жерге, айланма жолдун тоомунда, элге көрүнүктүү жакта өз ордун туура тапкан. Ала-Тоо аянтынын өзүнүн архитектуралык талаптары бар. Аны кааласаң-каалабасаң да эске алышың керек.

Чындап келсе филармониянын жанындагы Манастын эстелигинде да кемчилик бар, аны көбү байкабайт. Жакшылап карап көрсөк ал жакта каармандын кылыч кармаган колу кылыч менен биригип, түптүз сызык болуп калган, бул адамдын анатомиясынын табигый бүктөмдөрүнө туура келбейт. Кылычты чапканга камынып кармабай эле абада сүйрөп бараткандай таасир калтырат. Бирок калган көркөм маселелери, айрыкча мифологиялык түшүнүктөр менен байланыштары, жалпы комплекс катары композициясы жакшы чечилген.

Элдин көбү «Манас» эпосундагы каармандарды Теодор Герцендин иллюстрацияларына окшотуп көнүп алган. Бирок Герцендин жараткан образында немис графикасынын салттары кашкайып көрүнүп турат. Андыктан бул темадагы кандай гана чыгармалар болбосун, автордун чыгармачылык өзгөчөлүктөрү сөзсүз таасир тийгизерин эске алыш керек. Эли-жерин кыйбаган канча кыргыз болсо, Манастын ошончо образы бар.

Акыр-аягында, айтылган дооматтардын арасында «аял кишиге эстелик жасатпаш керек эле» деген сөз – биринчиден акыл-эси ордунда турган адамдын сөзү эмес. Анткени чыгармачылык аял-эркек деп бөлбөйт. Кимдин колунан келсе, кимдин өнөрү өргө чаап турса ошого жасатыш керек. Буга чейин коомчулуктун сынына кабылган эстеликтердин көбүн эркектер жасаган. Маселе автордун жынысында эле болсо андай кемчиликтер эч качан кетпеши керек эле. Экинчиден, ушунун өзү эркекчиликке жарашпаган, өтө майда кеп. Ачыгын айтканда талкуудагы дооматтардын башын ошол эле чөйрөдөгү мамлекеттик заказга жетпей калган кишилер баштап жибергендей күмөн ойдо калдым. Жаңыдан чыгып келаткан идиректүү жаштарды сүрмө топ менен жыга чапкан адатыбыз качан калаар экен деп кейигеним да чын.

Мен Тамила Маматованы тааныбайм. Турмушта кандай адам экенин да билбейм. Чыгармаларын гана көрүп жүрөм. Азыркы жасаган эмгеги да идеялык жагынан болсун, эстетикалык жагынан болсун чоң ийгиликке жеткен деп эсептейм жана чын жүрөктөн куттуктагым келет. Андыктан эмитен маданиятыбызга чоң салым кошуп келаткан карындашымдын мындан наркы жолу ачык, өнөр дүйнөсүндөгү өрүшү кенен болсун дегим бар.

Жыргалбек Касаболот

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG