Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:19

Аймактары дрон чабуулуна кабылганын, адамдары каза болгонун Украина да, Орусия да билдиришти


Украина, Донецк, 2025-жылдын 2-августу.
Украина, Донецк, 2025-жылдын 2-августу.

Украинада 2-августта Орусиянын соккусунан дагы кеминде эки кишинин өмүрү кыйылды. Херсон облустук аскердик администрациясынын маалыматына караганда, Корабельный районунда 68 жаштагы аял каза болду, дагы 41 жана 79 жаштагы эки киши жараат алды. Ал эми Днепровский районунда орус аскерлери аткылаган үйдүн урандысынан эркек кишинин сөөгүн алып чыгышты.

Донецк облусунун Славянск шаары да соккуга кабылганын калаа башчысы Вадим Лях кабарлап, зыян тарткан имараттардын сүрөтүн жарыялады. Бул шаарда бир киши жараат алганы маалымдалды.

Ишембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына "Шахед" дрондорунан 45ти, реактивдүү дрондордон сегизди учуруп, бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Орус бийлиги адатта Киевдин мындай билдирүүлөрүнө комментарий бербейт.

Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө.

Өткөн түнү Самаранын бир тургуну каза тапканын, бир ишкана зыянга учураганын облус башчысы Вячеслав Федорищев кабарлады.

Пенза облусунда, жергиликтүү бийлик башчысы Олег Мельниченконун айтымында, бир аялдын өмүрү кыйылды, дагы эки киши жараат алды, бир ишкана зыянга учурады. Кайсы ишкана экенин ал тактаган жок, бирок украиналык журналисттер сөз Пензадагы "Электроприбор" жана "Радиозавод" тууралуу болуп жатканын, ал жакта абадан коргонуу системаларына керектүү жабдыктар жасаларын жазышты.

Ростов облусунда өткөн түнү жети райондо дрондор атып түшүрүлгөнүн, ишканалардын биринин кызматкери каза тапканын губернатор Юрий Слюсарь жазды.

Рязанда мунай иштетүүчү завод бутага алынган, өрттөнүп жаткан сүрөт, видеолор жарыяланды.

Mash интернет басылмасы учкучсуз учактардын чабуулуна Липецк, Воронеж жана Ростов облустары да кабылганын жазды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG