Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:26

"Транзиттик хаб". Борбор Азиядагы өлкөлөр дрон өндүрүшүн күчөтүүдө


Америкалык RQ-4B Global Hawk учкучсуз аппараты
Америкалык RQ-4B Global Hawk учкучсуз аппараты

Борбор Азия өлкөлөрү башка мамлекеттердин жардамы менен күндөлүк турмушта жана аскердик максатта колдонулуучу дрон чыгарууга күжүрмөндүк менен киришти. Бул максатта Казакстан Кытай менен Түркияны өнөктөш кылса, Өзбекстан Орусияга, Тажикстан Иранга, Кыргызстан Кытайга бел байлап турат.

Эксперттер чөлкөмдөгү долбоорлор негизинен дрон чогултууга багытталганын белгилешет. Ошол эле маалда алар аймактагы коргонуу тармагында олуттуу жылыштардын белгиси саналып, кеңири геосаясий контекстте ар түрдүү ролду ойной башташы мүмкүн.

Кандай дронго кызыгуу бар?

Он жыл мурун аскердик максаттагы дрондорду негизинен АКШ, Британия жана Израил гана колдончу. Учурда дрондор дүйнөдөгү кандуу кармаштардын негизги куралдарынын бирине айланды. Газа тилкесинде, Ливанда, Сирияда жүрүп жаткан жаңжалдарда дрон активдүү колдонулууда. Украинадагы согушта дрондор башка куралдарга салыштырмалуу көбүрөөк кыйроого дуушар кылып жатат.

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндө дрондор улуттук коргонуу тармагында чоң секирик болду деп белгилешет.

Маалымат үчүн: Учкучсуз учуучу аппараттар (беспилотные летательные аппараты - БПЛА) же жөнөкөй тил менен айтканда дрондор башкаруу системалары боюнча айырмаланат. Аларды башкаруу станциясынан, жердеги пульттан же толугу менен автономдуу түрдө башкарса болот. Автономдуу дрондор (автономные системы оружия летального действия) АСОЛД деп кыска белгиленет. Мындай аппараттарда бутага сокку урууну жасалма интеллект өзү башкарат. Мындай системаларды тыюу салуу маселеси азыр кызуу талкууланууда.

Көпчүлүк дрондорду оператор атайын көз айнек аркылуу башкарат. Айрым түрлөрү алдын ала мерчемделген жерге өз алдынча жетет.

Дрондор аскердик жана жарандык максатта колдонулат. Негизинен учуп жүрүүчү дрондор, бирок жер үстүндөгү жана деңиздеги түрлөрү да бар.

Аскердик дрондор дүрмөттөлгөн жана дүрмөттөлбөгөн болушу мүмкүн. Айрымдары кайра колдонууга жарактуу болсо, башкалары сокку урганда жарылып кетет. Кенедей курттун жана кадимки учактын көлөмүнө чейин жасалат. Дүйнөдөгү эң чоң дрон - америкалык RQ-4 Global Hawk, анын салмагы 14 тонна. Ал эми эң кичинекей чалгын дрон Кытайда жасалган, салмагы болгону 0,3 грамм, кадимки чиркейге окшоп учат.

"Жакынкы кезге чейин эле Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен болгону үчөө гана кыймылсыз канаттуу учактарды эксплуатациялоого же өз авиациясын кармоого кудуреттүү эле. Көпчүлүгү эски советтик тик учактарга көз каранды болчу. Учак сатып алуу, тейлөө, эксплуатациялоо кыйла кымбат. Ал эми дрондор бул тармакты түп-тамырынан өзгөрттү", - дейт Oxus Society уюмунун Борбор Азия боюнча коргонуу жана коопсуздук маселелерин талдаган директору Майкл Хиллиард.

Азырынча бул тармакты өнүктүрүү чөлкөмдө солгун, ири өндүрүш ишке кире элек. Көпчүлүк учурда башка өлкөлөрдөн сатып алынган дрондор колдонулат. Хиллиард белгилегендей, азыр Казакстанда дрондун түрү бар. Түркия, Кытай, Израил, Орусия, АКШда өндүрүлгөн дрондор, ошондой эле өлкөнүн ичинде чогултулган жергиликтүү моделдер бар. Коңшү өлкөдө дрондор көп учурда чет элдик өнөктөштөр менен биргелешкен ишканаларда чыгарылат.

Кыргызстанда Түркиядан, Кытайдан жана Орусиядан алынган дрондор бар, ошондой эле жергиликтүү адистердин баштапкы стадиядагы долбоорлору да бар.

Тажикстандын арсеналына Орусия, Кытай, АКШ жана Ирандан алынган дрондор кирет. Айрымдары Тегерандын көзөмөлү астында өндүрүлөт деген да божомолдор да айтылат.

Түркмөнстан ар түрдүү учкучсуз учуучу аппараттары (БПЛА) менен айырмаланат. Ашхабад Түркия, Кытай, Израил, Беларус, Италия, Орусия, Германия жана айрым маалыматтарга караганда, АКШдан алынган дрондорго ээ.

Өзбекстандын бул тармакта дымагы күчтүу экенин Oxus Society уюмунун эксперти белгилейт. Ташкент Түркия, Кытай, Израил, АКШ, Орусия, Иран жана өзүнүн өндүрүшүндөгү (Lochin - кош максатта колдонулат) дрондорду колдонууда. Бул системалардын айрымдары түз коммерциялык келишимдер аркылуу, башкалары мамлекеттер аралык кызматташтык же биргелешкен долбоорлордун алкагында алынган. Казакстанда инфраструктура илгерилеп, капитал көбүрөөк бөлүнсө, өзбек бийлиги өз өнөр жайын түзүүдө саясий эрк жана стратегиялык чечкиндүүлүктү көбүрөөк көрсөтүп жатканын адистер белгилешет.

Коргонуу өнөр жайы жана стратегиялык анализ боюнча талдоочу Дерек Бисаччо чөлкөмдө эң чоң коммерциялык ийгиликке Түркия жетишкенине токтолот. Беш коңшунун үчөө: Түркмөнстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Baykar Makina компаниясынын Bayraktar TB2 (орто бийиктикте учкан согуштук дрондор) моделдерин колдонууда. Ал эми Казакстанда Turkish Aerospace Industries компаниясынын көп максаттуу Anka дрондору бар.

Түркиядан дрон сатып албаган өлкө - Тажикстан.

Кайсы өлкөдө канча дрон бардыгы тууралуу так маалымат жок.

"Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, адатта, канча дрон сатып алганы тууралуу маалыматты купуя сактайт. Бирок ири сатып алуулар (мисалы, Бишкек Түркиядан сатып алган, алыстан башкарылуучу Bayraktar Акынжы же Akinci дрондору) саналуу эле", - дейт Бисаччо.

Ким дронду өзү чыгарат жана бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

Бир эле учурда аймактагы өлкөлөр өз өндүрүшүн жолго коюуга аракет кылып жатышат. Алар Ирандан Shahed-136 камикадзе-дрондорунун технологиясын сатып алып, өз аймагында чыгара баштаган жана корпусуна жаңы аталыш — «Герань-2» деп жазган Орусиянын мисалын ээрчип жатышат. Орус армиясы бул дрондорду Украинага каршы, анын ичинде жарандык объектилерге каршы кеңири колдонууда.

Казакстан болсо Түркия менен биргеликте дрон чыгарууну 2022-жылдын май айында макулдашкан. Аскерлер 2023–2024-жылдары окутулган. Anka үлгүсүндөгү дрондорду чыгаруучу завод 2024-жылы Тараз шаарында ишке кириши керек болчу, бирок азырынча ал иштей элек.

2025-жылдын январында кытайлык Shaanxi Kaizhuo Electronic Technology компаниясынын туундусу болгон Yesil Technology Company Казакстанда айыл чарба дрондорун чыгарууга 12 миллион доллар инвестиция салары белгилүү болду. Кытай булактарынын маалыматына караганда, компания Казакстанда чийки зат сатып алып же өндүрүп, импортко болгон көз карандылыкты азайтып, өндүрүштөн тартып колдонууга чейинки жабык экосистеманы түзүүнү көздөйт. Баштапкы этапта айына даяр компоненттерден 300 дрон чогултуу максаты коюлган.

Oxus Society уюмунун эксперти Майкл Хиллиард бул Орусияга салынган санкцияларды кыйгап өтүү маселесин жаратат деп белгилейт:

"Эгер дрондун 90 пайызы Кытайда өндүрүлүп, акыркы чогултуу Казакстанда жүрсө, анда ал «Казакстанда чыгарылган» деп белгилениши мүмкүн. Бул расмий түрдө жабык болгон базарларга жол ачышы мүмкүн, анын ичинде Орусияга. Бул стратегия айыл чарбасына да, аскердик максатка да колдонулушу мүмкүн болгон оор квадрокоптерлер сыяктуу кош максаттагы дрондорго тиешелүү", — дейт Хиллиард.

Өзбекстанда орусиялык "Келечектин транспорту" ("Транспорт будущего") компаниясы дрон чыгарууну пландап жатат. Бул дрондор айыл чарба багытында деген маалымат берилген. Компания 2021-жылы Белгород облусунда катталган, негиздөөчүлөрүнүн арасында эки акционердик коом бар. Компания дрондор үчүн аккумулятор сыяктуу компоненттерди чыгарат.

Өзбекстанда биринчи этапта 100 миллион долларлык дрон чыгаруу максат кылынууда. Бул да эксперттердин тынчсыздануусун жаратат:

"Мындай ыкма санкцияларды айланып өтүү үчүн «жашыруун эшикти» ачышы мүмкүн. Маселен, Өзбекстандагы ири айыл чарба программаларына жамынып Орусия жарандык максатта деп көрсөтүлгөн, бирок аскердик түзүмдөргө жөнөтүлгөн дрондорду ала алат. Модулдук түзүлүшкө байланыштуу мындай жеткирүүлөрдү юридикалык жактан көзөмөлдөө дээрлик мүмкүн эмес, — дейт Хиллиард.

Тажикстанга байланыштуу да шектенүүлөр болгон. 2022-жылы оппозициячы Мухиддин Кабири украиналык басылмага берген маегинде Орусия Тажикстан аркылуу Ирандын Shahed дрондорун алып, аларды Украинага каршы колдонуп жатканын айткан. Ушундай эле маалыматты украиналык журналист Дмитрий Гордон да билдирген.

Кийинчерээк Тажикстандын ТИМи бул билдирүүлөрдү четке кагып, өлкө үчүнчү өлкөлөргө аскердик техника экспорттобой турганын билдирген. Тажикстан чын эле ирандык дрондорду чыгара баштаган, бирок бул Shahed эмес, Ababil-2 үлгүсү. Биринчилери жаңы үлгү болсо, экинчилери 1980-жылдардан бери чыгарылып келет жана Иран аларды Иран-Ирак согушунда колдонгон.

Эгер өндүрүш масштабы чоңоюп, дрондор Тажикстандан туруксуз аймактарга экспорттоло баштаса, санкция коркунучу жаралышы мүмкүн. Азырынча мындай экспорт же кайра экспорт тууралуу, же Батыш күчтөрү катышкан согуш аймактарында бул дрондор колдонулуп жатканы тууралуу ачык далилдер жок.

Кытайлык компаниянын дымагы

Кыргызстанда болсо дрон чыгарууну (тактап айтканда, чогултууну) кытайлык Zhongtian ZhiControl компаниясы пландап жатат. Долбоордун болжолдуу баасы — 11 миллион доллар. Завод автоунаа чогултуу, лампа жана кагаз өндүрүшү тууралуу биргелешкен келишимдин алкагында ачылган.

"Мындай кызматташтык саясий жактан пайдалуу. Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү болгондуктан, Орусияга керектүү компоненттерди экспорттоо жеңилдейт. Бээжин бул каналдын маанилүү экенин түшүнөт, — дейт Майкл Хиллиард.

Түркмөнстан дрон чыгарбайт. Өлкөдөгү чакан учкучсуз аппараттарды чогултуу борбору адистердин баамында реалдуу өндүрүш эмес, аброй үчүн гана ачылган.

Дрондор жана жергиликтүү коргонуучу өнөр жай экосистемалары

Коргонуу өнөр жайы боюнча эксперт Дерек Бисаччонун айтымында, аймактагы өлкөлөрдө дрон чогултуу заводдорун куруу ички рыноктогу — армия жана укук коргоо органдары тарабынан кепилденген суроо-талап менен негизделет. Бирок аларды чет өлкөлөргө сатуу кыйла татаал.

"Глобалдык деңгээлде дрондор рыногу буга чейин эле ашыкча толуп кеткен: стартаптар да, ири компаниялар да көп. Ошондуктан аймактан чыгып, коммерциялык ийгиликке жетишүү кыйла кыйын. Атаандаштык өтө чоң, жаңы өндүрүүчүлөр күн сайын пайда болууда, — дейт Бисаччо.

Майкл Хиллиард белгилегендей, Борбор Азия дүйнөлүк тенденцияларды ээрчип жатат. Акыркы кагылышуулардан улам дээрлик бардык заманбап армиялар дрон сатып алуу программаларын тездетишти.

Magura V5 аппараты
Magura V5 аппараты

Куралдуу күчтөр дрондорду чалгындоо жана байкоо системаларынын негизги элементи катары, так соккуларды жасоо үчүн, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө (мисалы, митингдерди мониторинг кылууда), чек араны кайтарууда жана аткезчилик жолдорун көзөмөлдөөдө колдонушат.

Жарандык сектордо да суроо-талап өсүүдө. Ошондуктан өндүрүштү өнүктүрүүнүн себептери түшүнүктүү, бирок бул көз карандылыкты жойбойт. Анткени учурдагы долбоорлордун көбү дагы эле кытайлык авионикага (дрондун электрондук системалары), ирандык конструкцияларга же орусиялык системаларга таянат.

Бирок Хиллиарддын айтымында, аймакта эл аралык чектөөлөрдү айланып өтүүчү хаб болуу потенциалы бар:

"Эгер Украинадагы согуш жана Орусияга каршы санкциялар уланса, Борбор Азия Кытай же Иранда жасалган, бирок аймакта чогултулган же кайра таңгакталган дрондор үчүн санкция салынган өлкөлөргө багытталган жашыруун транзиттик борборго айланышы мүмкүн, — дейт ал.

Кытай менен Орусиянын кызыгуусу каржылык себептер менен эле чектелбейт дейт эксперт:

"Москва да, Бээжин да бул аймакты салыштырмалуу туруктуу жана өсүп жаткан рынок катары гана эмес, буфердик зона катары да карашат. Бул жерде экономикалык өз ара көз карандылыкты тереңдетүү саясий жакындашууга алып келиши мүмкүн. Дрон өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор бул державаларга өз таасирин бекемдөөгө жана жергиликтүү коргонуучу өнөр жай экосистемаларына интеграцияланууга мүмкүндүк берет, — дейт Oxus Society уюмунун эксперти.

DJI Mavic 3 квадрокоптеру
DJI Mavic 3 квадрокоптеру

Акыркы жылдары Борбор Азиядагы компаниялардын Орусияга дрон жеткирүүдө санкцияларды айланып өткөн учурлары катталган. 2023-жылы эл аралык иликтөөчүлөрдүн тобу казакстандык «Аспан арба» компаниясы DJI компаниясынын 500дөн ашуун дронун Казакстандан Орусияга чыгарганын аныктаган. DJI Орусияга дрон жеткирүүнү токтотконун жарыялаган болчу.

Ошол эле жылы Washington Post басылмасы Кыргызстан аркылуу Казакстанга, андан ары Орусияга ар бири 14 миң доллар турган дрондор жүктөлгөн жүк ташуучу унаа жеткирүүгө аракет болгонун жазган. Кытай дрондору транспорттук этикеткада айыл чарба жабдыгы катары көрсөтүлгөн, бирок Орусия аларды аскердик максатта колдонууга болот деп эсептейт.

Украина да акыркы убакта дрондорду колдонуу менен ири чабуулдарды жүргүзүүдө. Бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн «Паутина» деп аталган операциясы бул кагылышуудагы эң ири дрондук чабуул болуп калды — анын натыйжасында Орусия кеминде 11 стратегиялык бомбалоочу учагынан айрылган. Орусиялык телеграм-каналдар бул дрондор Казакстандан жеткирилген болушу мүмкүн деп жазгандан кийин, Астана операцияга тиешеси жок экенин билдирип, мындай дооматтарды негизсиз деп атаган.

2024-жылы Wall Street Journal Борбор Азия аскердик товарларды жеткирүү үчүн коридор бойдон калып жатканын белгилеген. Товарлар негизинен Кытайдан келет, анын ичинде ири америкалык компаниялар чыгарган продукциялар да бар. Компаниялар Орусияга өз товарлары алардын уруксатысыз ташылып жатканын билдиришкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG