Кыргызстанда кыз-келиндердин коопсуздугу, аларга карата зордук-зомбулук боюнча абал кандай экенин баалоо максатында өлкөнүн тарыхында биринчи жолку изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, пилоттук изилдөө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) "БУУ-аялдар" мекемеси жана Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен биргеликте уюштурулат.
Изилдөө "Аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу" деп аталат, азыркы тапта аны жүргүзүү үчүн маалымат чогултуу, анализдөө ыкмалары такталып, тийиштүү жыйындар өткөрүлүүдө, адистер окутулууда. Алгачкылардан болуп мындай иш-чара мамлекеттик органдардын, кризистик борборлордун, бейөкмөт уюмдардын 30 чакты өкүлүнө уюштурулду. Анда маалымат чогултууда эл аралык этика, купуялык нормаларын жана респонденттердин коопсуздугу принциптерин так сактоо зарылдыгы белгиленди.
2026-жылы баштоо пландалып жаткан изилдөө зомбулуктун бардык түрлөрүнө (денеге залал келтирүү, психологиялык жана башка)көңүл бурулат.
Ачык булактардагы соңку маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында милиция 10 164 үй-бүлөлүк зомбулук фактысын каттоого алды, былтыркы жылдын алгачкы алты айындагыга салыштырганда бул 33% көп. Быйыл жарым жыл ичинде зомбулуктан жабыркаган 8 005 кишиге убактылуу коргонуу ордери берилди.
Кыргызстанда кыз-келиндер, балдар зомбулуктун айынан майып болуп калган, зордукталган, өлтүрүлгөн окуялар соңку жылдары көп катталып, эл арасында кызуу талкуу жаратууда.
Жакында эле классташтарынын 20 жылдык жолугушуусуна барып келгенден кийин атып өлтүрүлгөн беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзиректин өлүмүнө күйөөсү айыпталып, маркумдун жакындарынын аны өмүрүнүн аягына чейин камоо талабына карабастан сот аны 18 жылга кести.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөткөн кризистик борборлорду колдоо, каржылоо көбөйгөнүн 22-июлда кабарлап, мындай жайларга 2022-жылдан бери жыл сайын 12 миллион сомдон бөлүнүп келсе, быйылкы жылга 28,6 миллион сом каралганын кабарлады. (RK)
Шерине