Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

"Коңшубуз менен эми таанышып жатабыз". Кыргызстан-Өзбекстан ортосунда туристтик агым көбөйдү


Туристтик көргөзмөлөрдүн бири. Ысык-Көл
Туристтик көргөзмөлөрдүн бири. Ысык-Көл

Бир кездери чек аралар жабылып, байланышы дээрлик үзүлүп калган Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда акыркы жылдары туризм тармагында олуттуу жандануу байкалууда.

38 миллионго жакын калкы бар Өзбекстандан 7 миллион эли бар Кыргызстанга сапар алган адамдардын саны артып, мурда шаар жана айылдар менен гана чектелген агым азыр экотуризмге кызыга баштады. Бул тенденцияны басма сөз улам көбүрөөк чагылдырып жатат.

Чек ара бекеттеринин көбөйүшү жана ID-карта аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү агымды күчөттү. Социалдык түйүндөрдө саякат видеолору жана туризмге байланыштуу жарнама көбөйдү.

Бирок айрым булактардын айтымында, чек арадан өтүп жаткан адамдардын баары эле туристтер эмес.

"Кыргыздыкындай тоолорду башка жерден көргөн эмесмин"

Ферганалык Азизбек Акрамов 2024-жылы биринчи жолу Кыргызстанга 11 күндүк саякатка келген. Тааныштарынын сунушу менен кызын жетелеп, жеке автоунаасы менен жолго чыккан Азизбек сапар учурунда Кыргызстандын Өзбекстанга чектеш аймактарынан баштап, борбор Бишкекке жана Ысык-Көлгө чейин бир катар шаарларды жана табиятты кыдырып, зыярат жайларына да барып келген. Ал өзгөчө тоолор менен капчыгайларга суктанып, таасирленгенин айтат.

“Кыргыздыкындай тоолорду башка эч кайсы жерде көргөн эмесмин. Бизде да тоолор бар, мисалы, Фергана өрөөнүнөн Ташкенге алып барган жол тоолор аркылуу өтөт. Мен тоодо көп жүрөм. Бирок Кыргызстандагыдай тоолорду Өзбекстанда да, Тажикстанда да көрбөптүрмүн. Кыргызстанда суу абдан көп экен, ар бир кадамда канал, дарыя, көл"- дейт ал.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетине таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, 2025-жылдын биринчи жарымында чет мамлекеттерге чыккан 2,7 миллион адамдын дээрлик жарымы Кыргызстанга барган.

Ошол эле мезгилде Өзбекстанга келген 3,5 миллиондон ашык чет элдик туристтердин арасында да кыргызстандыктар 1 миллионго жакын болуп, биринчи орунду ээлеген. Андан кийинки орунда тажикстандыктар, казакстандыктар, орусиялыктар жана саудиялыктар турат.

Азибек Акрамовдун Кыргызстанда түшкөн сүрөтү.
Азибек Акрамовдун Кыргызстанда түшкөн сүрөтү.

“Эл арасындагы мамиле да күн санап жакшырууда. Кыргыздар бизди абдан жакшы тосуп алышат. Мурун мындай болорун ойлоп да көрбөсөк керек. Интеграция күчөп жатат, инфраструктура жакшырууда. Өкмөттөр туризмди өнүктүрүү экономикалык пайда алып келерин түшүнүп жетишти. Азыркы саясаттын жыйынтыгында эл үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүүдө”,- дейт Азизбек.

Акыркы эки жыл ичинде Кыргызстанды өзү үчүн кайра ачканын айткан Азизбектин айтымында,мурда саясий чектөөлөр, жабык чек аралар жана туруксуз байланыштардан улам көпчүлүк коңшу өлкөгө барып көрбөгөн, атүгүл мындай мүмкүнчүлүктү элестетпеген. Кыргызстанды өзбекстандыктардын көбү митингдер жана пикеттер токтобогон өлкө катары элестетишкен.

Азизбек быйыл да август айында Бишкекке жана Ысык-Көлгө үй-бүлөсү менен жеке автоунаасында дагы бир жолу саякаттоону пландап жатат. Былтыр 11 күндүк саякат үчүн 700 АКШ долларын короткон, быйыл толук үй-бүлөсү менен келип жаткандыктан, эки эсе көп чыгым болушу мүмкүн деп боолгойт.

“Кыргызстандагы жаратылыштын чыныгы, кол тийбеген табигый абалын көрүү үчүн барабыз. Бизди кызыктырганы ушул. Кол тийбеген табиятты көрүү өзүнчө рахат берет” - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Самаркандда нан сатып отурган аял.
Самаркандда нан сатып отурган аял.

Бирок Өзбекстандан Кыргызстанга келгендердин баары эле Азизбек сыяктуу жаратылышка кызыга беришпейт. Көпчүлүк үчүн маршрут жөнөкөй: базар, шаар борбору же ыйык жайлар. Кымбатыраак, тагыраагы тоолор, көлдөр, экотуризм сыяктуу багыттарга кызыккандар азырынча аз жана жаңыдан өнүгүп жатат.

"Бизге Өзбекстан да өткөн ыңгайлуу өнөктөш жок"

Өзбекстанга саякаттап барган чет элдиктер арасында да кыргызстандыктар биринчи орунда турат. Алардын бири - бишкектик Бакай Эген. Ал апрель айында кошуна өлкөгө барган:

Бакай Эгендин Өзбекстанда түшкөн сүрөтү.
Бакай Эгендин Өзбекстанда түшкөн сүрөтү.

“Мен Өзбекстандан абдан жылуу таасир менен кайтып келдим. Бизге карата жакшы мамилени Ташкентке жетип, автобустан түшкөндө дароо байкадым. Өзбек эли бизге жакын тууган экени Өзбекстанга барганда айкын болду. Көпчүлүк Өзбекстанды бизге бөтөн өлкө деп ойлойт. Жок, андай эмес экен. Коңшубуз менен эми таанышып жатабыз”, - дейт ал.

Акыркы жылдары эки өлкөгө саякат сунуш кылган туристтик компаниялардын саны да өстү. Турфирмалар блогерлерди бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акысыз алып барып, жарнамалоого көбүрөөк көңүл бурууда.

Талдоолорго ылайык, эки мамлекетке саякатчылардын санынын өсүшү, биринчи кезекте чек арадан өтүү жеңилдегенине жана сапардын арзандыгына байланыштуу. Виза талап кылынбайт, жол кыска жана эки эл бири-биринин тилин түшүнөт.

“Бизнеспи, туризмби, соодабы же башка тармакпы - Өзбекстандан жакшы жана ыңгайлуу өнөктөш жок экен. Мен ушуну түшүндүм. Өзбекстан чоң базар экен. 37 миллиондон ашуун калкы бар мамлекет жаныбызда, бирок бизде алар менен жакшы байланыш болбой келген. Мен мурда да баргам Өзбекстанга, бирок ал убакта чек арадан өтүү кыйын болчу. Бул жолкусунда 15 мүнөттө өттүм. Кезек күтүү деген жок. Мурун сааттап күтүп турат элек”, - деп ой бөлүштү Бакай.

Коноктун баары эле турист эмес

Бирок чөлкөмдө туристтик агым боюнча алдыңкы сапта турган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары азырынча жогорку кирешелүү туристтер катары саналбайт. Алардын көпчүлүгү мейманканаларга токтобостон, ижарага алынган үйлөрдө же тууган-туушкандары, тааныштардыкында жашап, тамак-ашын өздөрү даярдашат.

БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун маалыматына ылайык, туристтердин чыгымдарынын көлөмү эле эмес, алардын саякат максаты да маанилүү. “Үнөмдүү турист” деп аталган саякатчылар көбүнчө жергиликтүү базарлардан соода кылышат, турак жай катары ижара үйлөрдү жана өзүн-өзү камсыздоо моделин тандашат. Азыркы тапта кыргыз жана өзбек туристтер дал ушул топко кирет.

Кыргызстандык турист Анжияндагы Бабурдун айкелин сүрөткө тартып жатат.
Кыргызстандык турист Анжияндагы Бабурдун айкелин сүрөткө тартып жатат.

Мындан сырткары, туризм тармагында чечүүнү талап кылган маселелер да арбын. Маселен, "Азаттыктын" кабарчысы сүйлөшкөн өзбекстандыктардын көбү Кыргызстанда тоолорго алып баруучу жолдордун начардыгын жана Ысык-Көл жээгиндеги белек-бечкек, мөмө-жемиштердин кымбаттыгына нааразы болушкан. Айрымдары болсо жол боюндагы таштандыларды видеого тартып, аны социалдык тармактарга жарыялашкан.

Ал эми кыргызстандыктар Өзбекстанда айрым таксисттер туристтерди алдап, кымбат жол кире аларын жана кээ бир шаарларда дүкөндөр эрте жабылып каларын жактыра беришпейт.

Дагы бир кызыктуу жагдай, расмий статистикада “турист” катары катталган миллиондогон адамдардын баары эле чынында турист эмес. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматында иштеген, аты-жөнүн ачыктагысы келбеген муну мындай түшүндүрүп берди:

“Чек арадан өтүп жаткан адамдардан сапарынын максатын сурайбыз. Көпчүлүгү тойго, башка мааракелерге же туугандарын көргөнү келатканын айтышат. Андан тышкары, Кыргызстанга курулуш тармагында же тигүү цехтеринде иштөө үчүн келгендер да арбын. Бирок алардын көбү сапары тууралуу так маалымат беришпейт. “Жөн эле айланып келели дедик” дешет. Биз болсо аларды турист катары каттайбыз. Ошентсе да, мурунку жылдарга салыштырмалуу кошуна өлкөдөн келген туристтердин саны көбөйгөнү чын. Менимче, азыр Кыргызстанга өтүп жаткан өзбекстандыктардын 30–40 пайызы чыныгы турист болушу мүмкүн”.

Бишкек менен Ташкенттин мамилеси Өзбекстанда Ислам Каримов президент болгон жылдары бир топ солгундап кеткен. Түрдүү саясий жана коомдук себептерден улам өзбек тарап чек араларды жаап салган эле.

2016-жылы Каримов каза болгондон кийин Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосунда саясий байланыштар калыбына келе баштаган. Бийлик чек ара маселелерин чечүүгө киришти. 2023-жылы Ташкент менен Бишкек чек ара толук чечилгенин жарыялашты. Мурда жабык турган көзөмөл өткөрүү пункттары биринен артынан бири ачылып, автоунаалар менен каттоого да уруксат берилди. 2024-жылдан тарта эки өлкөнүн жарандары чек арадан ички паспорт – ID-карта менен өтө башташты.

Эл арасында келечекте Европа Биримдигиндегидей чек ара көзөмөлү таптакыр жоюлат деген үмүт бар. Бирок бул багытта азырынча расмий кадамдар байкала элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG